Аба ырайынын начарлашына байланыштуу Казакстанда 122 жол тилкеси жабылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМ 10-январь саат 06:00гө карата төмөнкүдөй маалымат берди:
«Аба ырайынын начарлашына байланыштуу (кар күрткүсү, туман, жолдун тайгагы) 122 жол тилкеси жабылды. Анын ичинен республикалык маанидеги 42 участок дизель менен жүрүүчү унаалар жана коомдук транспорт үчүн жабык», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.