Sputnik Кыргызстан агенттигинде «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров маек курган. Биз өлкөнү газдаштыруу жана анын актуалдуулугу тууралуу кеп кылдык.
— Быйыл кыш катуу болуп, электр энергиясынын тартыштыгы газдаштыруу маселесин көтөрдү. Негизи бул тууралуу эмнелерди айтууга болот?
— Калкты газ менен камсыздоо көйгөйү жыл сайын борборду ыш каптаганда көтөрүлөт. Өкмөт аралык коюлган шарттар толугу менен эле аткарылып жатат. Инвестициялык программанын негизинде алты жылдын ичинде 44 жаңы конушка жана калктуу пунктуларга газ берилди. Анын ичинде 1 100 чакырым газ түтүктөрү курулуп 45 миң абоненттин газга кошулуусуна мүмкүнчүлүк пайда болду. 45 үй-бүлөгө же 265 миң адамга газ пайдалануу мүмкүнчүлүгү жаралды. Жаңы конуштарда газдын керектөөсү 12 эсе өстү. 2018-жылы эки миллион куб метр болсо, 2022-жылы 25 миллион метр кубга жетти. Бул биздин иштин натыйжасы. Бүткүл республика боюнча керектөө 2014-жылы 207 миллион куб болсо, азыр 405 миллион кубга жетип жатат. Бизге 100 миң абонент кошулду. Алар — электрди пайдалануудан же көмүрдөн газга өткөндөр. Айрым конуштарга газ толук киргени менен жашоочулардын 10 пайызы эле колдонуп жатат. Бишкектеги 46 конуштун 27си газдаштырылды. Калган 19унун бешөөнө быйыл кирет. Калган конуштарды акырындан газга туташтыруу милдетин алып жатабыз. Жаңы конуш жашоочуларынын баарын газга кошуу милдетин мэрия алды. Ар кандай кырдаал жаралат. Айрымдардын казанын койдурууга же газ менен жылытууга мүмкүнчүлүгү жок. Импорттук газды көмүр менен салыштырбаш керек. Анткени мунун баасы жогору. Жакыр үй-бүлөлөргө ыңгайлуу субсидияларды берүүнү ойлонуп жатабыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.