11-февралдан баштап Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына туруктуу авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан маалымдалды.
Билдирмеге ылайык, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы кийинки айда Сиань — Бишкек — Сиань багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландаган.
«Манас» эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу авиакаттамды ачуу биринчи жолу ишке ашканы турат. Жаңы багыт боюнча каттамдар 11-февралдан баштап ар жекшемби сайын жүрөт», — деп айтылат маалыматта.
