Россия, Казакстан жана Беларустун өкмөт башчылары Михаил Мишустин, Алихан Смаилов жана Роман Головченко Екатеринбургдагы «Иннопром-2023» көргөзмөсүндө болушту.
Видеону Sputnik Казакстан Telegram каналы жарыялады.
Алар Россия — Кытай ЭКСПОсундагы экспозициялар менен таанышканын РФ өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Үч премьер-министр Changan Automobile компаниясынын продукциялары, тагыраагы, AVATR II электрокроссовери, спорттук UNI-T кроссовер жана спорттук UNI-V лифтбек менен таанышып, жакындан көрүшкөн.