Былтыр алдамчылык фактылары менен 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн, ИИМдин маалымат кызматы Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына таянып билдирди.
Милиция анын ичинен иши тергелип жаткан 15 турак жай кооперативин атады. Алар: «Ак үй КЖ», «Жилье Гарант» , «Элдик Групп», «Ихсан Групп ЛТД», «Береке ЛТД», «Дарим хаус», «Ордо-Мурас», «М строй групп», «С-Лайн», «Биринчи турак жай кооперативи», «Ансар», «Ипотека», «МПК коператив», «Нью миленниум», «Эл биримдиги» кооперативдери.
«2022-жылдын 12 айына карата Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1 515 кылмыш иши катталган, мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1 524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 1 284 иш соттук кароого жиберилген. Жалпысынан 1 524 адам жабырлануучу болуп табылган. Келтирилген материалдык зыян 901 миллион 726 миң сомду түзөт. Учурда 108 миллион 855 миң сому өндүрүлдү. Калган кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда», — деп айтылат маалыматта.
ИИМ турак жай алуудагы ар түрдүү багытта алдамчылыктар бар экендигин эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.