Бишкектеги ИИМ академиясынын 24 жаштагы курсантын койдуруп кеткен айдоочуну үй камагына чыгарышты.
Буга чейинки чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган. Кырсык 9-январда болгон. Курсант кыз каза таап, ал эми айдоочу качып кеткен. Кайгуул милициясы анын кармалгандыгын 13-январда билдирген.
Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы эмне үчүн айдоочуну СИЗОго киргизишпегендигин түшүндүрүп берди.
Шектүүнүн жактоочусу ал кишинин бөйрөгү ооруй тургандыгын жана 2016-жылдан бери гемодиализ аларын тастыктаган документтерди көрсөткөн. Соттон бул өкмөттүн атайын токтому менен оор илдеттердин тизмесине киргизилгендиктен, аны камоого жол бербей тургандыгын айтышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.