«Манас» аэропортуна бараткан трассада жол кырсыгы катталып, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа талкаланып, чачырап кеткен.
Чүйдүн Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, кырсык 13-ноябрь күнү эртең менен болгон.
«31 жаштагы айдоочу рулду башкара албай жолду бөлүп турган тосмону сүзгөн», — деп айтылат кабарда.
Бактыга жараша, айдоочу аман калып, Сокулук аймактык ооруканасына жаткырылган. Башка эч ким жабыркаган эмес.