Европа Биримдигинин Орусиядагы элчиси Маркус Эдерер 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып кызматтан кетти.
Бул тууралуу ал 2-сентябрда RTVI телеканалына курган маегинде билдирди. Эдерер кызматтан кеткен себебин ачык айткан эмес. «Мен кызматымды көңүлүм тынч абалда таштап кетип жатам. Колумдан келгенди жасадым деп ойлойм», — деген ал.
Маркус Эдерер Европа Биримдигинин Орусиядагы элчиси болуп дээрлик беш жыл иштеди. Өз ишин жыйынтыктап жатып ал студенттерди алмашуу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча Орусияны коомчулукка кошуу аракеттерин белгиледи. «Майда-барат ийгиликтерди» кыйытып айтып, бирок коркунуч туудуруп албоо максатында аларга кеңири токтолбоду.
Эдерер Орусиядагы жарандык коомго Европанын колдоосу керектигин белгиледи.
Евробиримдиктин Орусиядагы элчиси Эдерердин ордуна ким келери азырынча белгисиз.