Эртең, 31-августта, Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда борбор калаанын «Ала-Тоо» аянты жана бир катар көчөлөрү автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Чектөө кире турган көчөлөрдүн тизмеси:Чүй простпектинин Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Эркиндик проспектинен Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
Орозбеков менен Раззаков көчөлөрүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүктөрү;
Ибраимов көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Чыңгыз Айтматов, Манас проспекти, Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрү да маал-маалы менен жабылып турат.