Мындан ары бардык эс алуучуларга Ысык-Көлдүн пляждарына кирүү укугу берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн мамлекет башчысы 2022-жылдын 13-майындагы «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизди.
«Анда бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык аймактарына эркин кирүү мүмкүнчүлүгү каралган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.