Баарынан көп нааразылык инфекциялык оорулар менен келген бейтаптарды кабыл алган медициналык жайларга айтылат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы брифингде айтты.
Журналисттер бул суроону анын «ишти алып кете албаган жетекчилер (ооруканалардын башчылары – ред.) кызмат ордунан бошойт» деген билдирүүсүнөн кийин узатышты.