ДССУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө жыл сайын чылым чегүүдөн 8 млн, алкоголь керектөөдөн – 3 млн, ал эми баңгизаттардан дээрлик жарым миллион адам каза табат. Эч өзгөрбөгөн статистика, салттуу күрөш чараларынын таасири аз экенин айтып турат. Мындай учурда тыюу салууну эмне менен алмаштырса болоорун эксперт менен аныктайбыз.
Бардык дарыны ууга айлантууга болот
Аң-сезимге таасирин тийгизген психоактивдүү заттарды адамдар байыртан эле билген жана колдонуп келген. Мисалы салттуу тамекини чайноо жана чегүү Американын жергиликтүү элдеринен келген, ал эми Египетте жана Кытайда ооруну басаңдатуу үчүн апийимди колдонууну биринчи болуп үйрөнүшкөн.
Башында дарылык каражат же ооруну басаңдатуу үчүн колдонулган заттар кийинчерээк адамдын ден соолугуна жана социалдык жашоосуна терс таасирин тийгизген зыяндуу адаттарга айланган. «Бардык ууну дарыга же дарыны ууга айлантууга болот. Мында өлчөм маанилүү», — дейт психология илимдеринин кандидаты, психолог, психотерапевт Ангелина Демильханова.
Адам табиятынан көп нерсеге көз каранды болушу мүмкүн – заманбап жашоодо бул шопоголизм, соцтармактарга, фастфудга же атүгүл ыргактуу музыкага көз карандылык. Бирок кумарлануусу күчтүү жана организмге кесепети оор болгон көз карандылык адаттарды, аң-сезимдин абалын өзгөрткөн заттар гана пайда кылат. Салттуу түрдө буга алкоголь, тамеки жана ар түрдүү баңгизаттар кирет.
«Кандай көз карандылык болбосун – бул аң-сезимдин абалын өзгөртүүнүн жардамы менен чыныгы жашоодон альтернативдүү дүйнөгө кетүү. Стресс болгон кырдаалда биринчи жолу чылым чегип көргөндө чыңалуу кетип калгандай көрүнөт. Андан ары эс-тутум кезектеги стресс абалда «ийгиликтүү» тажрыйбага кайрылууга мажбурлайт, башка объектиге көңүл бурдурат. Албетте бир жолу чеккен тамеки же айына эки чөйчөк алкоголь адамды көз каранды кылбайт. Бирок бул кадимки адаттын чегинен чыкса жана үзгүлтүксүз кайталанса, анда медициналык кийлигишүү керек болуп калат», — деп эксперт ой бөлүшөт.
Чыңалуу кантип каршылык көрсөтүүгө көз каранды
Адатта кандай көз карандылык болбосун, биздин коомдо тыюу салууга умтулушат. Буклеттерде, тамеки кутусунда баңгизат, алкоголь, никотин жаман, — деген коркунучтуу маанидеги сүйлөмдөр менен сүрөттөр бастырылган. Ошол эле учурда басымды башкача коюуга болот.
«Эмне үчүн психоактивдүү заттар ушунчалык кызыктыра турганын айтып берүү, көйгөйдү ар тараптан көрсөтүү маанилүү. Жөнөкөй тыюулар же коркутуулар көп учурда күтүлгөн натыйжаны бербейт жана атүгүл кызыгуу жаратышы дагы мүмкүн. Бул жекеме жеке таймаш өнөрү сыктуу – каршылык канча чоң болсо, чыңалуу да ошончо чоң», — деп Ангелина Демильханова кошумчалайт.
Психотерапевт түшүндүргөндөй, баңгизат көз карандылыгын дарылоодо көбүнчө анын ордун алмаштыруу колдонулат. Бейтаптарга аң-сезимдин өзгөргөн абалына кирүү үчүн тыюу салынган альтернативдүү ыкмалар көрсөтүлөт, мисалы медитация же дем алуу техниксы. Башка учурларда зыяндуу адат менен күрөшүүгө жеке ресурстар же умтулуу жетишпеген кезде, жок дегенде ден соолук үчүн зыянды азайтуу жөнүндө айтып берүүгө болот: алкоголго тиешелүү учурда – күчтүү ичимдиктерден алкоголь азыраак ичимдикке өтүү жана ичүүнүн санын азайтуу, тамеки чегүүдө – зыяны азыраак чылымдарга өтүү сунушталат.
«Акыркы жылдардын тренди – түтүн чыгарбаган чылымдарга өтүү чыныгы абалдан башка дүйнөгө өтүүнүн альтернативдүү жолу болуп саналат. Бул зыяндуу болушу мүмкүн, анткени стиктердин курамында да никотин бар. Бирок кадимки тамекиден айырмаланып, күйүү продуктуларын бөлүп чыгарбайт. Бир жагынан психика үчүн маанилүү ритуал сакталат, башка жагынан – зыяндуу заттар азыраак түзүлөт. Бирок акырында, эгерде колуңа тамеки кармасаң, анда бардык тобокелдикти салмактап көрүү керектигин түшүнүү зарыл. Бирок эң мыкты тандоо – эч качан чекпөө» — деп адис сөзүн жыйынтыктады.