«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоору боюнча жыл башынан 27-мартка чейин 190 миллион 675 миң сом кредит берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Негизинен насыянын бул түрү дыйкандарга эки категория боюнча берилет:
өсүмдүк өстүрүү категориясы — 78 насыя (33,9 миллион сом);
мал чарбачылык категориясы — 329 насыя (156,7 миллион сом).
«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылы башталган. Долбоор аркылуу дыйкандар жеңилдетилген шарттагы кредиттерди ала алат. Мурда элеттиктер каражатты жети банк аркылуу алып келсе, быйылтан тарта «Айыл банк» менен «РСК банктан» гана алууга мүмкүн.
