— Борбордо өткөн үч саммиттин жалпы жыйынтыгы тууралуу эмнелерди айтууга болот? Эгемендик алгандан бери Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) иштеп келе жатат. Булардын мааниси тууралуу айтып берсеңиз?
— 70 жыл жашаган Советтер Союзу тарап кеткен соң, 15 союздук республика өз алдынча эркин мамлекет аталды. Ага чейин Бишкекте эле 20га жакын завод иштеп турган. Өндүрүшү экспортко чыгып, союзга кирген өлкөлөр тыгыз интеграцияда эле. 1991-жылы көз карандысыздыкты алгандан кийин өз алдынча мамлекет катары дүйнө таанып, БУУга мүчө болдук. Ошол учурда экономикалык, саясий байланыштар үзүлүп бир топ кыйналдык. Коргонуу жаатында да байланышыбыз зор болчу. Дүйнөдө АКШ менен теңтайлашкан, коргонуу жаатында биринчи орунда турган мамлекет элек. Кийин абал өзгөрүп, турмуш кыстады. Ошонун негизинде көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү идеясы пайда болду. Муну алгач Нурсултан Назарбаев көтөрүп чыгып башкалар колдогон. Ага улай эле 1996-жылы Шанхай кызматташтык уюму түзүлдү. КМШнын алкагында чечиле турган маселелер азыр да көп. Учурда геосаясий чыңалуу күч. Жакынкы Чыгышта, Кытайдагы Тайвань өңдүү көйгөйлөр чиеленишип баратат. Ошол себептен саясий, экономикалык, аскердик коргонуу маселелерин КМШ, ШКУга мамлекеттердин лидерлери ийри отуруп, түз кеңешип талкуулап келет. Эми аларды дагы деталдуу, конкреттүү карап чыгуу үчүн өкмөт башчылар чогулуп, көп документтерге кол коюлду. Бул уюмга кирген мамлекеттер үчүн абдан зарыл нерсе. Башкача болушу мүмкүн эмес.
— КМШ кризиске такалды дегенге болобу? Россия — Украина маселеси, экинчи жагынан Армения да арсар абалда турат…
— Дүйнөдөгү бардык эле уюмдар мезгилдин өтүшү менен анын уставын, шартын өзгөртүп турат. КМШга кирген өлкөлөрдө да көйгөйлөр бар. Украина менен Армениянын уюмга карата көз карашы, ички саясаты бул алардын жеке иши. Уюмдун ишмердигине анчалык кедергисин тийгизбейт. Ошол эле Бириккен Улуттар Уюмунда деле көз караштардын дал келбестиги кездешет. Жакында эле Антониу Гутерриштин кайрылуусуна Израилдин өкмөт башчысы каршы чыгып, «БУУ өз милдеттерин так аткара албай калды» деген пикирин билдирип чыкты. Ошол эле НАТОго да көп сындар айтылды. Анын ичинде деле бир кылка көз караш жок. Венгрия менен Сербиянын өкмөт башчылары жана уюмга мүчө Түркия да такыр бөлөк саясат жүргүзүп жатат. Түркия НАТОнун принциптерине каршы келген маселелерди да көтөрүп салууда. Бүгүн дүйнө өзгөрдү.
Дипломат, профессор международных отношений Кубанычбек Чекиров — Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Дипломат, эл аралык мамилелер боюнча профессор Кубанычбек Чекиров
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
— «ШКУ, КМШ уюмдарында көтөрүлгөн маселелер кынтыксыз аткарылып жатат» деп айта алабызбы?
— Чындыгында жалгыз мамлекет көп маселени жеке чече албайт. Мисалы, Россия ички дүң продукциясы жогору өнүккөн өлкө болсо да биздей мамлекеттердин жардамына муктаж. Анткени санкциядан соң көп товарлар кирбей калды. Алар коңшу мамлекеттен сатып алып жатат. 2022-жылы Кыргызстан Россияга мурунку жылга караганда 2,5 эсе көп товар экспорттоду.
Ошондой эле бизге да Россия керек. Казакстан менен Өзбекстанда да газга, энергетикага болгон таңсыктык пайда болду. Алар деле былтыртан баштап биздей эле Россиядан электр энергиясын экспорттой баштады. Азыр энергетика — жашоого керектүү башкы булак. Бул экономиканын мотору. Ушул багыттар боюнча уюм иштеп жатат. Экономикалык, энергетикалык, коопсуздук көйгөйлөрүн бирге чечүүгө аракет жасалууда.
— Ушул мамлекеттердин ичинде Евразиялык экономикалык биримдик түзүлдү. Бүгүнкү күндө мунун орду кандай?
— ЕАЭБдин орду абдан жакшы. Азыр эки миллионго жакын эмгек мигранты Россияда жүрөт. Анын 700 миңге жакыны орус жарандыгын алышкан. Алар 2019-жылдан 2021-жылга чейин жыл сайын мекенине эки миллиард доллардын тегерегинде акча которуп турушкан. Мисалы, 2022-жылы Россиядан жалпы 2 миллиард 900 миллион доллар жиберишкен. Бул абдан чоң цифра. Негизи биздин ички дүң продукция (ИДП) мындан 4-5 жыл мурун 6 миллиард доллар болчу. Ошонун 30 пайызы эмгек мигранттарынан которулган. Биздин ИДП быйыл 11 миллиардга чыгып калды. ЕАЭБге мүчө болгондон кийин өзбек, тажик мигранттарына караганда кыргыздарга жакшы шарт түзүлгөн. 2022-жылы Россия бизге 2 миллиард долларга жакын товар экспорттоду. Анын ичинде газ, мунай, өнөр жай буюмдары жана башкалар бар. Кыргызстан бир миллиард долларга жакын товар экспорттогонбуз. Учурда өз ара товар айлантуубуз 3,5 миллиард долларга жетти. Бул абдан чоң көрсөткүч. Муну ЕАЭБге киргендиктин натыйжасы катары билебиз. Аталган уюмга киргенден кийин ИДП көтөрүлүп, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жогорулады. Эми Россия менен болгон экономикалык байланышты 5 миллиард долларга көтөрүү планы турат. Бул абдан жакшы. Азыр көп мамлекеттер товарын кайда сатарын билбей жатышат. Ал эми бизде жеңил өнөр жайы өнүгүп, Кыргызстанда тигүүчүлөр жетишпей турат. Муну дагы өркүндөтүү керек. Ошондой эле Россия, Казакстан, Беларусь да биргелешкен ишканаларды куруу боюнча ойлорун билдирүүдө. Себеби өлкөдө шарттар бар. Санкциядан кийин Россияда да, Беларуста да микрочиптерге болгон таңсыктык абдан күчөдү. Аны көбүнчө Тайвань жана батыш өлкөлөрү чыгарат. Ошондуктан Таш-Көмүр шаарындагы жарым өткөргүч заводду да жандандыруу маселеси көтөрүлөт деген ойдомун.
