Америкалык корпорациялар Украинанын айыл чарба жерлеринин басымдуу бөлүгүн эбак сатып алып койгону айтылат. Анан да чындап эле украиналык титанга кызыгышат. Себеби бул америкалык өнөр жай үчүн стратегиялык сырье деп белгилейт Виктория Никифорова. Серепчинин геосаясаттагы кызыкчылыктардан кеп салган кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Вашингтон үчүн дагы бир чоң кызыкчылык – тамыры бир элдердин жаңжалдашуусу. Геосаясий пайдасы мында айдан ачык. Бирок чындап эле бул держава ушундай майда пайдалар үчүн өз калкынын тагдырын кылдын учуна коюп, дүйнөлүк согушка дейре тобокелге барабы? Украиналык жаңжалды тутантканы Батыштын экономикасын эңшерип, Ак үй менен желдеттеринин ортосуна жик салып жатканын айтпай эле коелу.
Кошмо Штаттар Украинага эмнеге мынчалык «жармашып» жатканына көрүнүктүү америкалык экономист Пол Крейг Робертс таамай баасын берген. «Вашингтон бийлиги доллар менен бирге чабалдап барат» деген аталыштагы макаласында ал коомчулуктун көңүлүн Сауд Арабиясынын жакындагы эле чечимине бурат. Эске салсак, аталган өлкө мунай акысын АКШ доллары менен гана эмес, башка валюталар менен да алууну чечти. Америкалык маалымат айдыңы эмнегедир бул кабарды укмаксанга салышты.
Экономисттин пикиринде, бул окуя — мунай-доллардын америкалык администрация жарым кылым мурун түзгөндөй түрүндөгү күнү бүткөнү. Ошол кезде тайманбас генерал де Голль америкалыктардан Францияга АКШнын бир жарым миллиард долларына он алты жарым миң тонна алтынды алмашууну талап кылган. Бул каражат өлкөнүн улуттук банкында топтолуп, расмий курсуна да толук туура келчү. Мындай өтүнүч, албетте, баарын аңтар-теңтер кылган. Бирок 1968-жылдагы май окуясын уюштуруп, акыры Де Голлдон да өчүн алып тынышкан.
Мындайга жол бербөө керектигин, эгер жөн коюшса, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү алтын куймаларына кезекке туруп каларын аңдаган бийлик чара көрүү жолун издейт. Ошентип 1971-жылы президент Никсон алтын стандартты жокко чыгарган. Ошондо АКШ каржы министри франциялык кесиптешине «эми америкалык доллар — биздин валюта жана силердин көйгөйүңөр» дегени белгилүү.
Никсон саудиялыктар менен мунай америкалык долларга гана сатыларын макулдашкан. Ошентип АКШ доллары Жер планетасындагы эң көп колдонулчу көмүр-суутектин наркын бычып, бул артыкчылык ага узак жылдарга негизги дүйнөлүк валюта макамын камсыздаган. Эми ошол доору аяктап барат. Мурда доллар мунай сатып алуу, инфляцияны тизгиндөө үчүн каражатын сактоо үчүн зарыл болсо, эми дүйнөдөгү бул көрүнүш өзгөрүлүп барат.
