С витаминине бай болгон чычырканак иммунитетти чыңдап, кан тамырларды бекемдейт. Бул тууралуу врач-диетолог, нутрициолог Анжелика Люваль Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Дарыгер чычырканакта С витаминден тышкары башка көптөгөн пайдалуу заттар бар экендигин кошумчалаган.
«Мөмөнүн курамында организмге өзгөчө кыш мезгилинде керектүү болгон марганец, кремний, бета-каротин, А жана Е витаминдери бар. Булардын баары жүрөк кан-тамыр системасына, муундарга, иммунитетке жардам берип, жалпысынан организмди жашартууга көмөктөшөт. Ошондой эле чычырканак антибактериалдык касиетке да ээ», — деп айткан адис.
Бирок жогорку температурага дуушар болгондо чычырканак өзүнүн көптөгөн пайдалуу касиеттерин жогото тургандыгы эскертилген.
«60 градустан жогору температурада чычырканактын курамындагы пайдалуу заттардын көбү бузулат, мисалы, С витамини толугу менен жоголот. Ошондуктан чычырканак чайларын пайдасы менен колдонгубуз келсе, аны алгач блендер менен эзип алыш керек. Чайды өзүнчө демдеп, бир аз муздаткан соң чычырканакты ага кошуу керек», — деп кеңеш берген Анжелика Дюваль.
Дарыгер ашказан-ичеги-карын оорусу менен жабыркагандар мөмөнү көп колдонбошу керектигин кошумчалаган.