Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти. Бул тууралуу 24-сентябрда Баткен облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.
Ал жараат алгандар 198 киши экенин, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтты. Жабыркагандардын 171и эркектер, 14ү аялдар, 13ү балдар. Бишкектеги Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үч киши жатат.
Бөрүбеков кагылыш болгон аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, фельдшердик-акушердик пункттар зыян тартканы кошумчалады.
14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Бишкек «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай турумду карманууда.
Кыргыз бийлиги кошуна өлкө менен чектеш айылдарда жүздөгөн үйлөр талкаланганын маалымдаган. Тургундар убактылуу коопсуз аймактарда баш калкалап жатышат.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.