Өкмөт Жогорку Кеңеште Баткенди калыбына келтирүү жана күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Баткенде турак жайы жарыксыз болуп калгандарга суук түшкөнчө үйлөрүн куруп берүү аракети көрүлүп жатканын айтты. Айрым депутаттар иштер жай жүрүп жатканын сынга алышты.

Акылбек Жапаров 19-октябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышуу тууралуу маалымат берди. Ал чек арадагы соңку окуядан кийин Баткенде аскерлерди күчтөндүрүп, жергиликтүү калктын өзүн-өзү коргоо моделин өзгөртүү зарылчылыгы пайда болгонун билдирди. Эки өлкөнүн чек ара маселесин чечүүдө Орусиядагы карталар да карала турганын ырастады.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Кыргыз-тажик чек арасына акыркы чекитти коюу үчүн Орусия Федерациясы да өзүнүн позициясын билдирди. Москвадагы мамлекеттик архивдерде сакталып турган союз убагындагы карталар, материалдар республикалар арасында жер бөлүштүрүү боюнча чечимдердин түп нускалары көтөрүлүп каралат. Аларды тастыктап беришсе, кыргыз-тажик чек арасы боюнча да макулдашууларга бир кадам жакындамакпыз. Биз тынчтыкты сүйгөн мамлекетпиз. Бардык маселени тынчтык жолу менен сүйлөшүп бүтүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”.

Булак: Азаттык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.