Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
«Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, ошондой эле өкмөттүн 2023-жылга карата иш планы каралат», — деп айтылат маалыматта.

Жыйын саат 14:00дө башталып, УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.
Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.