Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы Шопоков көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыгып, өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрт кечээ, 13-январь күнү, саат 19:00 чамасында чыккан. Жерине ыкчам түрдө эки өрт өчүрүүчү бригада жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган.
«Мекеменин ичинен тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок», — деп билдирди министрлик.
Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, толугу менен саат 23:08де өчүрүлгөн.
Анын кесепетинен эки кабаттуу балдар үйүнүн 320 чарчы метр чатыры жана экинчи кабаттагы буюмдар күйүп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.