Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги ЮНИСЕФтин Бишкектеги кирдеген абанын балдар менен аялдардын ден соолугуна тийгизген таасири боюнча жарыялаган изилдөөсүнө комментарий берди. Аталган министрликтин өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы брифингге катышты.
Алар агенттикке министрликтин ишинин жыл жыйынтыгын чыгарып жана 2023-жылга карата пландары туурасында айтып берүү үчүн келишкен.
Мурдараак ЮНИСЕФ «Кирдеген абанын Бишкектеги балдар менен аялдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектилерине тийгизген таасири» деген изилдөөнү жарыялаган. Андагы маалыматтарга таянсак, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейинки булганган аба 112 адамды өлүмгө кептеген.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков аталган изилдөөнүн жыйынтыгына комментарий берди.