Бишкек мэриясы борбор калаада төрт троллейбустук каттам убактылуу токтотулгандыгын кабарлады.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин келишине байланыштуу Фучик көчөсүнөн Чүй проспектине чейин жана Чүйдөн Манас проспектине чейин жабылат.
«Буга байланыштуу №11, 6, 5 жана 14 троллейбустардын каттамы убактылуу токтотулат. Ал эми №2 жана 10 троллейбустардын маршруту өзгөрүп, алар Чүй проспекти менен эмес, Киев жана Москва көчөлөрү аркылуу өтөт», — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектин бойлой мамлекеттик резиденцияга өтүүчү жол да маал-маалы менен тосулары айтылды.
Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары 26-27-январда болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.