Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.

Иш-чара «Газпром» спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага 16 команда катышат.

Турнирдин жобосуна ылайык, командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этапка чыгат.

Беттешке төмөнкү командалар катышат:

президенттин командасы;

маданият өкүлдөрү — «Өнөр»;

белгилүү ишкерлер — «Бизнес»;

массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – «Журналисттер»;

футбол ардагерлери – «Алга»;

спорт федерацияларынын жетекчилери — «Спорттук федерациялар»;

Жогорку Кеңештин депутаттары — «Жогорку Кеңеш»;

президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — «Аймактар»;

дин өкүлдөрү — «Ыйман»;

Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – «Элчилер»;

ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»;

окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — «Билим»;

сот бийлигинин өкүлдөрү — «Фемида»;

күч түзүмдөрүнүн жетекчилери — «Коопсуздук»;

белгилүү спортчулар — «Спорт жылдыздары»;

Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери — «Достук».Турнир сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды таанытуу жана достукту бекемдөө максатында өтөт. Иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана президенттик администрациянын демилгеси менен уюштурулуп, жылына эки жолу өтөт.

Беттештердин графиги жана алардын трансляциясы тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.