Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында Кытайдын инновациялык товарларынын көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында Кыргыз-кытай соода-инвестициялык палатасы билдирди.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү максатында 26-27-июль күндөрү «Жибек жолу өлкөлөрүнүн товарлары» аталышында VI көргөзмө уюштурулууда.

Бул жылы коңшу өлкөнүн Шаньси, Цинхай, Шэньси, Хэнань, Чжэцзян, Тяньцзинь, Дашан шаарларындагы жана Синзян-Уйгур автономдуу районундагы компаниялар катышары айтылды.

Көргөзмөгө келген жарандар төмөнкүдөй товарлар менен тааныша алат:

электромобилдер, айыл чарба техникалары жана жабдуулары, айыл чарба продукциялары, медициналык товарлар, жаңы энергетикалык технологиялар;

курулуш материалдары, турмуш-тиричилик техникалары, электротоварлар;

кеңири керектөөдөгү товарлар, текстилдик продукциялар, кийим-кече, бут кийим, активдүү эс алууга ылайыкталган товарлар жана башка.

Иш-чара эки күнгө созулуп, конокторго саат 10:00дөн баштап эшигин ачат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.