Бишкекте кош бойлууларды бекер ташыган № 113 кичи автобустук каттамдын айдоочусу Ишен Сереков Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт департаментинин энчилүү сааты менен сыйланды.
Мекеме ал боюнда барлардан акча албай, бекер ташып келерин белгиледи. Ал муну менен борбор калаанын транспортуна өзгөчө эмгек сиңиргени айтылат.Бир катар кызматкерлер Автотранспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата сыйланышкан.