Үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулук күчөп жатканы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды. Мекеменин басма сөз кызматы 25-июлда билдиргендей, кылмыштын мындай түрү көбөйүп жатканы боюнча маселе талкууланып, бул багытта ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жыйынга ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышып, милиция кызматкерлеринин социалдык-укуктук жактан корголушун камсыздоо жана ошол эле учурда алардын өзүлөрүнүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш жүргүзүү керектигин айтты.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.