Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында 25 600 түп бадам көчөттөрүн отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.Бак-дарактарды отургузуу өнөктүгү үстүбүздөгү жылдын 11-мартында башталган.»Мурас айылына бадам көчөттөрүн отургузуу өлкөдө интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү программасынын уландысы болуп эсептелет. 2022-жылы Баткен районунун Кулунду айыл өкмөтүндө 144 миңден ашык жана Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айылында 144 миңден ашык мөмө-жемиш өсүмдүктөрү отургузулган», — деп айтылат маалыматта.Министрлик мындай долбоорлор Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашырыла тургандыгын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.