8-ноябрдан тарта Бириккен Араб Эмирлиги өлкөгө кирүүдөгү айрым чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, бул чектөөлөр коронавирус пандемиясынан улам киргизилген.

«Кыргызстандыктар эми БАЭге ПЦР-тесттин жыйынтыгын же коронавируска каршы эмдөө тууралуу күбөлүктү көрсөтпөй эле кире алышат», — деп жазылат кабарда.

Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмирлигинде бет кап тагынуу режими толугу менен 7-ноябрда жоюлган. Аэропорт БАЭ аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан жүргүнчүлөргө ал мамлекетке кирүү талаптарын тактап алууну өтүндү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.