Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада эмне тууралуу сурак берип чыкканын айтышты.
Атазов кечээ түштөн кийин кабинетине үч прокурор келип чакырып кеткенин билдирди.
«Дордой» базарында иштеген жарандын 120 миң долларын алдап кеткенин айттым эле, ошол күнү аны кармап келе турган болушту. Ал мурда үч жолу соттолгон экен. Ал эми Жаныбектин 24 миң долларлык жери боюнча ошол эле жерде арыз жаздырып ишти башташты. Жалал-Абаддагы инвесторду Өзбекстанга кууп жиберип мүлкүн басып алгандар 480 миң доллар берүүнү убадалашыптыр. Ушунун баарын депутаттар көтөргөндө гана иштеш керек беле. Биз мамлекеттүүлүк, коопсуздук, келечек үчүн президенттин саясатын колдогон депутаттарбыз», — деди Атазов.
Ошондой эле ал түнү менен прокуратуранын ишине пачкалаган арыздар түшүп жатканын белгилеп, башкы прокурордон сурактагы маселелерди аягына чыгарып беришин суранды. Кызматкерлери эки күндө жыйынтык чыгарууну убадалаганын кошумчалады.
Ал эми Жеңишбек Токторбаев кечээ башкы прокурорго асылбаганын, элдин арыз-муңун гана жеткиргенин айтып өттү.