Акылбек Жапаров: “Аскерлердин айлыгы көтөрүлдү, Баткенде кызмат кылгандардын 1 жылы 2 жыл деп эсептелет”- Жергиликтүү калкты өзүн-өзү коргоо моделин өзгөртүүнү сунуштап жатабыз. Анын негизинде элдин коргонууга даярдыгы, ыкчамдыгы күчөтүлөт. Айрым депутаттар чек ара аймактарында жашаган жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Курал жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат, колдоп бересиздер деп ойлойбуз. Мектептерде аскерге чейинки даярдык сабактарын киргизип, балдарыбыздын даярдыгын күчөтөбүз. НВП кабинеттерин жоготуп жиберүү – бул биздин эң чоң каталарыбыздын бири болгон. Бул катаны биз оңдойбуз. Тез аранын ичинде аскерлердин айлыктарын көтөрүү чечимин кабыл алдык, бул болжол менен 2,7 млрд сомду түздү. Баткенде кызмат кылгандардын бир жылы 2 жыл деп эсептелет. Техниканы күчтөөгө каражаттарды бөлүп жатабыз.