Быйыл Россиядан Ысык-Көлгө авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул туурасында Россиянын Туроператорлор ассоциациясы билдирди.
Бул жылкы сезондо россиялык авиакомпаниялардын учагы мурдагыдай июнда эмес, апрелдин аягынан тарта каттай баштайт.
«Урал аба жолдору» компаниясынын самолету 27-апрелден баштап күн сайын «Тамчы» аэропортуна конуп турат. Ал эми «Аэрофлотттун» каттамдары 2-майда ачылып, жумасына төрт ирет аткарылат (мурда эки каттам болчу).
«Өткөн жылы Ысык-Көлгө болгон түз аба каттамдарга суроо-талап жогору болгон, быйыл да түз учуп барып-келүүнү каалаган туристтер азыртадан эле чыгууда. Майда Ысык-Көлгө жарнамалык тур пландалган, ал бат эле толуп калганына карап, бул жылы да суроо-талап көп болот деген тыянак чыгарып жатабыз», — деп айткан туроператорлордун бири.
