Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты.
Освобождение Алмазбека Атамбаева из заключения — Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Аны түрмөнүн оозунан санаалаштары Фарид Ниязов, Рыскелди Момбеков, Мээрбек Мискенбаев, Дамир Мусакеев тосуп алды.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Соттун Атамбаевге карата кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу чечими жокко чыгарылып, кайра кароого жөнөтүлгөн.
Буга чейин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков Атамбаевдин тарапташтары аны Молдовановка айылындагы №27 абактын сыртында күтүп турушканын билдирген. Ошондой эле анын жүктөрүн алып чыгып машинага салып коюшканын кошумчалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.