Кыргызстанда 9-декабрда Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган маалыматта аталган отурум тууралуу кабарланган.

«Мындан тышкары, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Бишкекте өткөрүү белгиленген Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынына даярдыктарды талкуулашты», — деп айтылган маалыматта.

Булак:Sputnik.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.