Үстүбүздөгү жылдын 7-февралынан баштап Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу – шейшемби күнү учуп турат.
Белгилей кетсек, «Баткен» аэропорту аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу былтыр 1-августта жабылган болчу.
