Башка шаарга маанилүү жана зарыл нерселерди жөнөтүүдө жеткирүү кызматын колдонуу күндөн-күнгө популярдуу болуп бара жатат. Мисалы, Boxberry компаниясынын жардамы менен Россиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Россияга посылка жөнөтсө болот. Ушу тапта Кыргызстандан Россияга жөнөтмө жиберүү мүмкүн болгон шаарлардын саны көбөйдү. Жеткирүүнүн баасы, мөөнөтү тууралуу кененирээк маалымат төмөндө.
Жөнөтмөнү кантип жол-жоболоштурса болот
Посылканы өзүӊүзгө ыӊгайлуу болгон ыкма менен – компаниянын сайтынан онлайн же Boxberry бөлүмүнөн жол-жоболоштурууга болот. Эгер онлайн жол-жоболоштурсаӊыз, анда жөн гана жөнөтмөнүн коштомо кагазынын номерин сактап коюӊуз. Же болбосо паспортуӊуз менен Boxberry бөлүмүнө барсаӊыз, жол-жоболоштурууга оператор көмөктөшөт.
Жөнөтмөлөрдү таӊгактоо үчүн кутулар жана баштыктар акысыз берилет. XS-тен XL-ге чейин ар кандай өлчөмдөрү жеткиликтүү. Буюмдар алуучуга бүтүн бойдон жетиши үчүн кутунун ичин толтуруучу нерсени камдап коюӊуз. Ал үчүн көбүкчөлүү пленка же бырыштырылган кагаз ылайыктуу.
Бөлүмдөн СПУТНИК промокодун айтып, жөнөтүүгө 15% арзандатуу алыӊыз. Акция 30-июнга чейин жүрөт. Ошондой эле эгер сиз жөнөтмөнү онлайн жол-жоболоштурсаӊыз, промокодду сайттан активдештире аласыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.